ЖИА; Айылдык айымдарды ишкер болууга чакырабыз

0
81
Ош облусунда “Эл аралык ишкер айымдар күнүнө карата” ири масштабдуу “Ишкер айымдар кербени” бизнес-форуму өтөт. Бизнес-кербен Дароот-Коргон ––Гүлчө–Ош багыты боюнча 14-15-16-ноябрь күндөрү багыт алат.

Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Бизнес-ассоциация JIAнын Ош филиалы боюнча мүдүрү Аззамбек Жээнбай уулу билдирди.
Анын айтымында бизнес-кербен Ош облусунда үчүнчү ирет уюштурулуп жатат.

Биз бул жылкы форумду жылдагыдан өзгөчөлөнтүп шаарда эле эмес региондордо да уюштуруп жатабыз. Анын себеби шаардагы эле ишкер айымдарга эмес, региондордордогу айымдардын дагы ишкер болуусуна шыктандыруу менен бирге эле экономикабыздын өнүгүүсүнө өз саламын кошкон активдүү жаран болууга дем берүү болду.” – деди Аззамбек Жээнбай уулу.

Бул иш-чарага Дароот-Коргон(Чоң-Алай), Гүлчө(Алай району) 100-130 ал эми Ош шаарынан 100-150 айымдын катышуусу күтүлүүдө. Аталган иш-чара ишкердике байланыштуу ишкер айымдардан семинар, масстер класс, концерттик программа менен коштолот.