ДЕМИЛГЕ: 1 күндө 1600$/Айылдык жаштар IT тармагын акысыз үйрөнө алат

0
185
«Facebook» социалдык тармагында «Айылдан IT ге» аталышындагы жаңы челлендж жарыяланды. Алардын максаты айылдык зирек жаштарга акысыз IT тармагын үйрөтүү. 

Долбоордун демилгечилери активист Улан Үсөйүн, айыл чарба тармагында алгылыктуу демилгелери менен эл оозуна алынган Тилек Токтогазиев жана АКШнын Чикаго шаарында жеке IT компания ачкан, 300дөн ашык кыргызды иш менен камсыз кылган ишкер, жаш активист Эсен Ниязов.

Алар айылдык жаштарга IT тармагы боюнча маалымат таратып, бул тармактын маанилүүлүгүн, келечеги кең экендигин түшүндүрүү, үйрөтүү максатын көздөйт. 

Ал үчүн кыргыз тилинде IT тармагы боюнча видео сабактарды, түшүндүрмө маалыматтарды жазуу жана таратууну колго алмакчы. Ошондой эле окуучулар арасында IT  боюнча сынактарды өткөрүү ниети бар.

Албетте, ар кандай иш каражатсыз өтпөйт, өтсө да күтүлгөн жыйынтыка жетүү кыйын. 

Долбоордун демилгечилери алгач өздөрү (Улан Үсөйүн, Тилек Токтогазиев, Эсен Ниязов) 100 доллардан чыгарып, алгачкы бюджетти түзгөн жана кайдыгер эмес жаштарды катарына кошулууга чакырат.

Челлендж жарыяланган бир күн ичинде, дүйнөнүн ар тарабынан айылдык жаштарга кайдыгер карабагын мекендештер 1600$ каражат которушкан. 

«Европа, Америка жана КРнын ар аймагынан которуп жатышат. Бир түндө 1600 $дан ашуун каражат топтолду. Дагыда которобуз деп жазып жатышат, азыр эле 2000$ которобуз дешти. Мындан тышкары кызматтарын сунуштаган адамдар көп» -дейт демилгечи Улан Үсөйүн.

Долбоорду колдоп, 100$ которгондордун бири Ош шаарындагы жеке ишкер Жасур Парпиев. Демилге айылдык жаштарга чоң стимул болуп калат деген пикирде.

«Айылдагы бир байкуштун баласы да IT эмне экендигин, дүйнөлүк тренд эмнеге баратканын көрүп, ошого аракет кылат. Бул аларга мотивация болуп калат. Ошол үчүн долбоорду колдодум» -деди Ж. Парпиев.

Ошону менен бирге ал ата-мекендик айтишниктерди сындап өттү. 

» Ишенимдүү эле айта алам, IT тармагында окугандар компьютерди билбейт, билгендер жаңы программа ойлоп табуунун ордуна, акча табуунун үстүндө гана баш катырат«-дейт.

Ал келечекте «Макдональдс» сыяктуу сеттик бизнес ачуу неити бар. Ал үчүн IT тармагын мыкты өздөштүргөн адистер керек.

 IT адисине муктаж болгон бир эле бизнесмендер эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө мамлекеттик башкаруу, тейлөө жана кызмат көрсөтүү алда качан эле электрондоштурулган. 

Мындан улам жаш активисттердин демилгеси өлкөнүн келечегине чоң салым болуп калат.

 

 

 

 

 

 

Кыргыздар өз киндигин өзү кесе турчу маал келди.
Келгиле, өзүбүздү өзүбүз жаратабыз!

 

#it #АйылданITге