Куудул Жакут Сыдыков баңгизат менен кармалды

0
170
Куудул, пародист Жакут Сыдыков укук коргоо органдары тарабынан кармалып, тергөө абагында жатканын айрым басылмалар жазып чыкты. 

Укук коргоо органындагы жеке булактарына таянуу менен айрым басылмалар, шоу бизнестин бир өкүлү баңгизаты менен кармалганын жазышкан.

Маалыматка караганда, кармалган жарандын жанынан баңги заты табылып, бул факт “баңгизат сактоо” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Баш коргоо чарасын караган Ленин райондук соту 26-октябрда кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алган.

Шектүүнүн өздүгүн Бишкек ШИИБнен аныктоого мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бирок, шоу бизнес өкүлдөрү арасында Жакут Сыдыков учурда тергөө абагында экендиги айтылып келет. Мындан улам бир катар басылмалар куудул, пародист Жакут Сыдыков чын эле наркотик менен кармалган болушу мүмкүн деген божомолун жазат.

Булак:Калыс медиа