Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталды

0
48
Бишкекте тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги бүгүн  жазып чыкты.

Маалыматка караганда «103» кызматынын унаасы «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсык Москва менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

Окуянын күбөлөрү тез жардам унаасы атайын үн чыгарып, белги берип келе жатканын айткан.