98% колдоо менен ОшМУнун ректору шайланды

0
48
Кудайберди Кожобеков 98% колдоо менен ОшМУнун ректору болуп шайланды.

Шайлоого жалпысынан 1594 адам катышып, анын ичинде  1532 шайлоочу буга чейин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Кудайберди Кожобековго добуш берген.

Эске салсак, ректорлукка Кудайберди Кожобеков, Алтынбек Зулпукаров, Кошоева Бибигул, Эгембердиев Шайымбек ат салышкан.

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.  2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. 44 жашта.

1997 — 2002-жылдары ОшМУнун Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын окутуучусу;

2002 — 2007-жылдары ОшМУнун Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын орун басары, Программалоо кафедрасынын улук окутуучусу;

2007 — 2011-жылдары ОшМУнун Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары, Программалоо кафедрасынын доценти;

2011 — 2016-жылдары ОшМУнун окуу-маалыматтык департаментинин директору;

2016 — 01.2017-жылдары ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору;

Кудайберди Кожобековдун ОшМУга AVN системасын алып келгендердин бири. Бул система баалоонун жана билим берүүнүн ачык айкын болуусуна негизделген.