ОшМУнун ректорлугуна талапкерлер тизмеси/шайлоо жүрүп жатат

0
296

Бүгүн ОшМУнун ректорлугуна шайлоо жүрүп жатат. Ага окуу жайдын окутуучу-профессордук жамааты гана катышып, шайлай алат.

Окуу жайдын басма сөз кызматы талапкерлердин тизмесин жарыялады. 

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, 1975-жылы туулган. Учурда ОшМУнун ректорунун милдетин аткарып жатат. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 22 жыл;

Кошоева Бибигүл Бейшенбековна, 1972-жылы туулган. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 16 жыл;

Зулпукаров Алтынбек Зулпукарович, 1972-жылы туулган. Кыргыз-Өзбек университетинин сырттан окуу боюнча проректору, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент. Иш тажрыйбасы — 23 жыл;

Эгембердиев Шайымбек Амантурович, 1967-жылы туулган. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, информациялык технологиялар кафедрасынын доценти.

Эскерте кетсек ЖОЖдор арасында «флагман» аталган ОшМУнун мурдагы ректору Каныбек Исаков Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.