Жоокер токко урунуп каза болду

0
284
ЖАМКтын коргоо жана кайтаруу департаментинде аскердик милдет өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги бүгүн өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка ылайык, жоокер токко урунган.

«Окуя кечээ саат 16:40 чамасында болду. Жоокер лампочканы алмаштырып жатканда ток урган. Ал эс учун жоготуп өзүнө келбей көз жумду. Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп жазылат.