Ошко экзотикалык жаныбарлар келди, көчмө зоопарк декабрга чейин гана турат

0
651

online Онлайн эфир

Ош шаарына биринчи жолу Бразилиянын экзотикалык жаныбарлары келди. Көчмө зоопарк «Нур» кинотеатрынын экинчи кабатында декабрга чейин турат. 

Анда буга чейин Ошто кезикпеген маймыл, жылан, попугай, коён баштаган жерде-чөлдө, бакта жашоочу жаныбарлардын бир нече түрү бар. Экзотикалык жаныбарларды жеке ишкер Тилек Досумбеков алып келген.

«-Жаш балдардын дүйнө таанымын өстүрүү үчүн, сүрөттөн, кино тасмаларынан гана көргөн жаныбарларды жанынан көрсөтүү аларга чоң таасирин берет. Биздин өлкөдө бул жаныбарлар жок болгондуктан балдарга абдан кызыктуу болууда«-дейт зоопарктын ээси.

Экзопаркка кирүү 3 жашка чейинкилер үчүн акысыз, ал эми чоңдорго 100 сомдон башталат.

Эскерте кетсек зоопарк Ош шаарынан кийин борбор калаа Бишкекте болот. Андан соң өлкөнүн 7 облусун кыдыруу планы бар экендигин айтты.