АКШ Ош шаарында жаш журналисттерди жана лидерлерди тарбиялоо үчүн гранд бөлөт

0
119
Бүгүн, 30-октябрь Ош шаарында арифметикалык математика жана IT тармагын тереңдетип окуткан Купуев академиясынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Окуу жай эми жаш журналисттерди жана лидерлерди инновациялык-технология менен окутууну колго алат.

Ал үчүн USAID эл аралык агенттиги  колдоо көрсөткөн. Бүгүн имараттын ачылуу аземине ЖКнын депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналдь Лу катышты.

Академия жеке мектеп катары 2012-жылда түптөлгөн жана Ош шаарында ментальдык орифметиканын өнүгүүсүнө салым кошкон мектептердин бири.

Жаңы имарат 4 каббаттан туруп, 300 окуучуга ылайыкташкан. Азырынча 1-класстан 7-классга чейинки гана класстар түзүлгөн. Окуу контрактык негизде, майда класстагылар 200 доллар, чоң класстар үчүн 250 доллар.  Азыркы учурда окуу кампусунда 200гө жакын окуучу билим алып жатат.

Мектеп комплекстүү билим берип, көп тилдүүлүккө басым жасайт. Окуу 3 тилде жүргүзүлүп, англист тили тереңдетилип үйрөтөт. Окутуучу жамааттын көпчүлүгү чет өлкөдө билим алып, тажрыйба топтогондор. Академиядан билим алган окуучулар үчүн, атайын долбоорлор каралып,чет өлкөгө окууга жана иштөөгө шаттар түзүлгөн.

Академия экономика илимдеринин доктору, профессор Пирмат Купуевге таандык.  Ал 1942-жылы Ош облусунун Ноокат районун Кыргыз-Ата айылында туулган. Өмүр жолун агараттуу тармагына арнап, Кыргыз мамлекетинин билим берүү тармагына өз салымын кошкон. Профессордун 4 баласы чет-өлкөлөрдө окуп келип, аталган окуу жайды негиздеген жана бирге иштешет.

Баса, окуу жай

Сапаттуу билим –келечекке кепилдик! Заманбап билим алуу адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга негиз түзөт.