Валентина Шевченконун кезектеги бийи Нью-Йорктон жүктөлдү

0
136
Кыргызстандын кыз-келиндер арасында көзгө басаар спортчусу, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко спорттун бир нече түрүнөн сырткары бийди да катырат.  Ал твиттердеги баракчасына бүгүн испан бийин аткарган жаңы тасмасын жүктөгөн. 

Чемпион кыздын күйөрмандары аны чоң сахнада бийлөөгө чакырууда.

Шевченко бала кезинен тарта спорт менен бийди айкалыштырган. Азыр бир нече элдин бийин аткарат, анын ичинен лезгинканы катырат. Себеби бий боюнча окутуучусу грузин улутундагы адам болгондуктан жакшы таасир берген. Мындан сырткары спортчу гитарада ойноп, ырдаганды жактырат, сүрөт тартат.

Валентина Шевченко 1988-жылы 7-мартта Бишкек шаарында туулган. Апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси.