Ошто оорукананын короосунда 2 ай жатып чирип кеткен адамдын сөөгү табылды, өздүгү тактала элек

0
317
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын короосунан 30-35 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Сөөк чирип кеткендиктен азырынча өздүгү тактала элек.

Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктайт.

– Сөөк оорукананын короосунда 1,5-2 айга жакын убакыттан бери жаткан, аны эч ким байкаган эмес.

Аталган оорукананын башчысы Талантбек Арстанкуловдуун маалыматы боюнча 30-35 жаштагы адамдын жансыз денеси 26-октябрда түнкү саат 00:00 чамасында оорукананын короосундагы бак-дарактардын арасынан  табылган.

«Биздин оорукананын бак-дарактары жайгашкан жайда бир бурч бар. Ошол жерге селсаяктар келип жатышат. 26-октябрь күнү кароолчулар короону карап жатышып, чөптөрдүн арасынан адамдын эки бутун көрүп калышыптыр. Алар дароо милицияга кабар беришкен. Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Биз коопсуздук үчүн оорукананын аймагына видеокамераларды орнотууну пландап жатабыз», — деди Т.Арстанкулов.

Ушу тапта шаардык милиция териштирүү ишин баштаган. Сөөк 2 ай бою жатып калгандыктан маркумдун өздүгүн тактоодого убакыт талап кылынат. Алгачкы экспеертиза маркумга күч колдонулбаган деген божомолун айтат.

Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды.