Эльмира Раззакова; Атам айласы кеткенде Өзбекстандын бир айылында жашасам деп жүрдү

0
140

ВВС: Кеткенден кийин көзү өткөнчө Кыргызстанга 2 эле жолу барды да жаңылбасам. Эмне болду, атайын тыюу болдубу? Кандай ойлойсуз? Себеп дегенде туюу болбосо, ал киши бат-бат эле каттап турмак да менимче?

Эльмира Раззакова: Билесизби? Атам бир күнү айтат; «Конечно мне разрещать вернутся в Киргизию. Ну ход бь какой нибудь маленький городок в Узбекстане».

Бул мен угуп калган сөз, а негизи биз ал жөнүндө сөз козгочуу эмеспиз. Анткени билчүүбүз да ага оор тиерин.

ВВС: Кыргыз элине кандай каалоо тилек каалайт элеңиз?

Эльмира Раззакова: Кыргызстанда ар дайын тынчтык-ырашкерлик болуп, дүйнө жүзү кыргыздар кандай даражалуу эл экенин билсин. Кыргыздар салабаттуулук кылып көп нерсени айтышпайт. Маселен Улуу Кытай сепили кыргыздардан коргонуу үчүн курулган. Көпчүлүк унутуп баратат, кыргыздар байыртан эле өздүк жазмага ээ болгон эл эле.

Мен аябай каалайт элем, кыргыз жаштары ата-тегин, тарыхын билим, сыймыктанып жүрүүсүн.