Куран айтуу сынагынын жеңүүчүсүнө «Mercedes» үлгүсүндөгү унаа берилди

0
207
A young Bahraini Shiite Muslim girl reads the Koran, Islam's holy book, during the holy fasting month of Ramadan at a mosque in the village of Sanabis, west of Manama, on July 27, 2013. AFP PHOTO/MOHAMMED AL-SHAIKH (Photo credit should read MOHAMMED AL-SHAIKH/AFP/Getty Images)
Кара-Суу районунун 16 жаштагы тургуну куран айтуу боюнча сынакта умрага жолдомо утуп алып, атасына белек кылды. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

19-октябрда Баткен облусунда медреселерде жана окуу борборлорунда билим алган окуучулардын арасында куран айтуу боюнча сынак өткөн. 14-16 жаштагы балдар жарышкан иш чарага  муфтий Максат ажы Токтомушев дагы катышты.
2 күнгө созулган сынактын жыйынтыгында Ош облусунун тургуну Тажибаев Мухаммаджума 10 пара куран айтуу боюнча 1-орунду алып, ага умрага жолдомо ыйгарылган. Ал жолдомосун атасына белек кылган.

Баткен облусунан келген Кудайназаров Иляс 20 пара куран айтуу боюнча «ДЭУ Матиз» автоунаасын жеңип алды.

Ал эми Баткен облусунун тургуну Рустамбек уулу Давранбек 30 пара куран айтуу боюнча 1-орунду алып, «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа менен сыйланды», — деп билдирди казыяттын басма сөз катчысы.

Булак: Турмуш басылмасы.