Бишкек шаарынын бюджети жарым жыл ичинде 4 млрдга толукталган

0
105
2019 – жылдын январь-июнь айларында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси 4 млрд 29 млн 768,7 миң сомго толукталган. Бул тууралуу Каржы министрлиги кабарлайт. 

2019 – жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттин чыгашасы 3 млрд 783 млн 291,6 миң сомду түзгөн.

Жалпы каражаттын ичине:

-жөнгө салынуучу кирешеден – 2 млрд. 245 млн. 644,5 миң сом (56,7%);

— туруктуу кирешеден – 1 млрд 784 млн 124,2 миң сом (43,3%).

Анын ичинен жалпы максаттар үчүн мамлекеттик кызматтарга — 297 млн 825,8 миң сом (9,1%),

  • экономикалык тармакка – 171 млн 73 миң сом (4%),
  • турак жай — коммуналдык кызматтарга – 1 млрд 217 млн 947,8 миң сом (32,9%), саламаттыкты сактоого – 106 млн 40,9 миң сом (2,7%),
  • эс алуу, маданият жана динге – 202 млн 653,5 миң сом (5,2%),
  • билим тармагына – 1 млрд 632 млн 753,2 миң сом (41,7%),
  • социалдык коргоого – 135 млн 209,2 миң сом (3,3%) жумшалган.

Булак: «Акчабар» басылмасы.