Ун менен көмүрдүн баасы 2 эсе өстү, монополияга каршы агенттиктин жообу кандай?

0
195
Бүгүн, 25-октябрда КСДП парламенттик фракциясы Өкмөткө караштуу Монополияга каршы агенттиктин ишмердүүлүгү боюнча маселени карады. Депутаттар ундун жана көмүрдүн баасы кесин көтөрүлүп кеткенине карабай агенттик эч кандай чара колдонбой жатканын сынга алды.

Айнуру Алтыбаева агенттиктин директору Шухрат Сабировго кайрылып:

Базарда биринчи сорттогу бир килограмм ундун баасы 50 сом болуп жатат. 2017-жылы бир килограмм ундун баасы 22 сом деп бекитип бергенсиңер. Азыр баа эки эсе өсүп жатканда муну кандай түшүнсө болот? Көзөмөл жокпу же бул рынокпу?”, — деп суроо салды.

Сабиров баа 1 ай ичинде 20 пайызга жогорулап кеткенде гана агенттик тарабынан мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасы киргизилерин билдирди.

Жалал-Абад облусунда 1-октябрга салыштырмалуу ундун баасы 20 пайызга, Караколдо 17 пайызга жогорулады. Жалпы республика боюнча орточо баа 13 пайызга көтөрүлдү. Башкача айтканда, бир кап ун 200 сомго көтөрүлдү”, — деди Сабиров.

Андан кийин эл өкүлү көмүрдүн баасына көңүл бурду. “Мамлекеттик жөнгө салуунун тизмесине пивону киргизиптирсиңер. Ага караганда көмүрдү киргизбейисңерби? Көмүрдүн баасы 2083 сом деп жазып жатасыңар, бирок Ошто бир тонна көмүр 4700 сомдон 6000 сомго чейин, Баткенде 7600гө чыкты. Силердин койгон баа базар баасынан 2 эсе төмөн. Муну ким көзөмөлдөйт?”, — деп суроо салды.

Сабировдун маалыматына караганда, жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасы 4218 сом болсо, Казакстандан ташылып келип жаткан көмүр 4575 сом болуп жатат. “Ал эми аймактарда ар кандай баа. Мисалга, Нарын облусунда 3000-3500, Ош облусунда 6000ге чейин. Ал эми Баткенде Сүлүктүнүн көмүрү 8000ге чейин болуп жатат. Сүлүктү көмүрү негизинен коммерциялык тараптар аркылуу өндүрүлгөндүктөн кымбат. Ошондуктан алар суроо-талаптын негизинде эркин баа коюшат. Эркин бааны биз жөнгө сала албайбыз”, — деди Сабиров.

Алтыбаева сөзүнүн жыйынтыгында ун жана көмүрдүн баасын жөнгө салууну күчөтүү керектигин талап кылды.