3 км түтүк/Казакстандан мыйзамсыз бензин ташыгандар кармалды

0
130

Чүй облусунда Казакстандын аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Андан алынган маалыматка ылайык, Кең-Булуң айылынын аймагында үч чакырымдык түтүк аркылуу коңшу өлкөдөн бензинди алып өтүп жүргөн. Текшерүүчүлөр кылмыштуу топтун атайын базасынан күйүүчү май үчүн чоң идиштер, насостор жана башка каражаттарды тапкан.

Бул факт боюнча териштирүү башталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат.