ЭСКЕРТҮҮ: 2020-жылдын 1-январынан сырттан келген унаалар кымбаттайт

0
435
2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга кирген товарлар тобунун бажы төлөмү көтөрүлөт. Мамлекеттик бажы кызматы сырттан ташылып келген транспорт каражаттарына карата бажы төлөмү кескин көтөрүлгөндүктөн, унаалардын баасы кымбатташын эскертет.

Мындан улам бажы кызматы Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) тышкы өлкөлөрдөн келген унааларды жаңы-жылга чейин, бажылык тариздөөдөн эски тариф менен өткөрүп алууну сунуштайт.

Учурда бажы төлөмү 1250 доллар болгон «Toyota Camry» автоунаасы, 2020-жылдын 1-январынан тартып 13 600 долларга көтөрүлөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн 17 304 автоунаа ташылып келген. Алардан 1 млрд. 659 млн. 439 миң сом бажы алымы түшкөн.

Кыргызстан ЕАЭБ курамына 2015-жылы киргенден кийин транспорт каражаттары үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Бажылык төлөмдөр бир гана транспорт каражаттарына эмес, тизмеде 166 товардык позиция бар экендигин  Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев айтып чыкты.

«Эгерде буга чейин автоунаа алып келгендер 500 доллар бажы төлөмүн берип келсе, жаңы жылдан тартып 5000 доллар төлөйт. Бирок 166 позициянын калгандары кайсы товарлары экенин мен да билбей жатам. Биздин ишкерлер Кытай, Түркия, башка мамлекеттер менен иштеп жатат, бирок алар кайсы товарлар экенинен кабары жок. Бул жөнүндө өкмөт ачык маалымат бериши керек.»-дейт Бакыт Төрөбаев.