Кремлде Самара менен дует ырдаган Ин-Грид ким?/ Тааныштырабыз…

0
508

Ырчы Самара Каримова Москванын Кремль сарайындагы жеке концертинде Италиялык белгилүү ырчы-айым Ин-Грид – Ингрид Альберини менен дуэт ырдайт.

Ингрид айым Самара менен француз тилиндеги  Tu Es Foutu ырын чогуу ырдоого даярданып жаткан сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына койгон. Репетиция учуру.

Ин-Грид – Ингрид Альберини Италиялык ырчы, компазитор жана оранжировщица.

Ал 1973-жылы 11-сентябрь түндүк Италияда төрөлүп, өскөн. Ал сахналаштарынан  актрисалык өнөрү жана да өзгөчө үнү менен айырмаланып турат.  1994-жылы жергиликтүү «Голос Сан-Ремо» сынагын жеңип алган жана анын чыгармачылыктагы жылдызы ушул учурдан жанып баштаган.

Ин-Грид немецче, англисче, французча, орусча жана эне тилинде эркин сүйлөйт. Анын ырлары бир гана Италияда эмес, Франция жана Россия жана бүтүндөй Европада популярдуу. (Европа аны Француз ырчысы катары кабал алат).