КУЛАКТАНДЫРУУ: Бүгүн Ошто 1 суткага суу токтойт/ 23:00

0
465
Бүгүн Ош шаарында түнкү саат 23:00дөн тарта ичүүчү таза суу 24 саатка токтотулат. Бул тууралуу “Ош шаар сууканал” муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, Курманжан датка, Манас-Ата , Туран, Достук кичи райондорунан жана Калинин калктуу конушунан башка аймактарда таза суу берилбейт. «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын таза суу, саркынды суу тармактарында жана бекеттеринде күзгү профилактикалык оңдоо иштери жүрөт.
Эске салсак Ош шаарында жаз жана күз айларында маал-маалы менен таза суу берилбейт. Бул аралыкта ишкана суу түтүктөрүн оңдоп, ылай суу топтолгон жерлерди тазалап, сууну хлорлойт.