Ош-Алайкуу маршруттук каттамы ачылат

0
705
Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө маршруттук каттам ачуу демилгеси өкмөт тараптан каралууда. Бул тууралуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбай Аттокуров  ОшТВ телеканалынын «Эл сурасын» берүүсүндө кабарлаган. 

Алайкуу өрөөнү өлкөнүн Кытай менен чектешкен чыгыш-түштүгүндө жайгашкан тоолуу аймак. Деңиз денгээлинен 4 800 мерт бийиктикте.  Айылдык округда 6358 жаран туруктуу жашап келет. Тоолуу аймак болгондуктан негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери бул аймака автобус каттаган эмес. Элди шаар менен байланыштырып ташуу кызматы жергиликтүү айдоочуларга жүктөлгөн. (УАЗ, нива ж.б.)

Ал эми жол акынын баасы жолдун абалына карап өзгөрүп турган. Жайкысын 700, 800 сом болсо кышында 1500ге чейин көтөрүлөт.

Бул сумма карапайым элдин капчыгына оордук келтирет, экинчиден жеке айдоочулар ар күнү каттоого милдеттүү эмес. Башкача айтканда айдоочунун зарыл иши чыгып шаарга келбей калса, каттам токтоп турат. Бул абал айрыкча ооруп калган жарандар үчүн чоң көйгөй болуп келген.

Мындан улам туруктуу каттам уюштуруу актуалдуулугу жаралган. Эгер өкмөт убада кылган Алайкуу-Ош, Ош-Алайкуу маршруттук каттамы ишке кирсе, бул аймакты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзүлөт.

Маршруттук каттам 2020-жылдын жаз мезгилинен ишке кирүүсү күтүлүүдө. Жол акынын баасы 300 сом болоорун өкмөт өкүлү билдирди.

Эскерте кетсек Алайкуу айыл аймагынын жолунун узундугу Кара-Кулжадан 122 км, Ош шаарынан 220 км алыстыкта.

«Эл сурасын» берүүсүнүн толук чыгарылышы төмөнкү шилтемеде.