Кеңейтилип жаткан А. Шакиров көчөсүнө жаңы 11 аялдама курулат

0
275
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов А. Шакиров көчөсүн реконструкциялоо иштери менен таанышты. Анда маалым болгондой аталган көчө 20 метрге кеңейтилип, жаңы 11 аялдама курулуп жатат.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, Шакиров көчөсүн оңдоо иштери 70%га аткарылды.

“Шакиров көчөсүн кеңейтүүдө жер астындагы коммуналдык түтүкчөлөрдү жаңылоо бир канча убакытты алды. Ноябрь айынын ичинде оңдоо иштерин бүтүп, пайдаланууга беребиз”,-деди ал.

Шакиров көчөсүндө жалпы 2 чакырым 400 метр жол асфальтталып, туурасы 20 метрге чейин кеңейтилүүдө. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Мындан тышкары 11 жаңы аялдама курулат.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.