Ноябрда 4 күн катары менен дем алыш/анын себеби?

0
254
Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышарын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Кыргызстан 7-8-ноябрь күндөрү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн» белгилейт.

Бул жылы 7-8-ноябрь бейшемби, жума күндөрүнө туура келди. Майрамга ишемби, жекшемби кошулуп, төрт күн катары менен эс алуу жарыяланды.

Эске салалы: 2017-жылдын 26-октябрында президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен 7-жана 8-ноябрды “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” деп жарыялаган.

Андан сырткары 7-ноябрь Кыргызстанда басма сөз күнү катары майрамдалат.

1924-жылдын ушул күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыккан. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.