«Мадина» кафесинин ээсинин өлүмүнө шектелип 8 жаран кармалган

0
613
Дайынсыз жоголуп, денеси Кочкор районунан табылган ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалып, кечээ Бишкек ШИИБдин абагына камакка алынды.
Жалпы 8 адам шектүү болуп кармалган. 
Бул тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр ишкердин денеси казылган жерди айтып беришкен. Ал эми маркум башкарып жүргөн BMW X5 үлгүсүндөгү унаа кара түскө боёлуп калган.
Кылмышты уюштурган деп 55 жаштагы Нарын облусунда туулган эркек киши жана маркумду өлтүргөн деген айып менен Ысык-Көлдө туулган 29 жаштагы жаран шектелүүдө.

34 жаштагы эркек киши ишкердин унаасын уурдап, сатууга шектүү. Ал Ысык-Көл облусунда туулган. ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат.

27 жаштагы шектүү жигит ишкердин унаасын уурдап, сатууга катышкан. Ал Ысык-Көл облусунда туулган, мурда сот жообуна тартылган.

33 жаштагы эркек киши уурдалган унааны сатууда ортомчу болгон. Талас облусунда туулган. 33 жаштагы даагы бир шектүү Казакстандын жараны.

Унааны сатып алган 30 жаштагы жигит. BMW X5 үлгүсүндөгү унааны жасалма номур менен башкарып бара жатканда «Сосновка» постунан кармалган.

Ишкер 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны туугандары жана милиция кызматкерлери издеп жаткан.

ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 5-октябрда Свердлов РИИБге И.З. аттуу жаран азыр менен кайрылган. Анын айтымында, 38 жаштагы агасы Хуфур Абдурахмен 4-октябрда саат 18:00 чамасында «Мадина» базарынан мамлекеттик номуру 03KG260ABJ болгон «БМВ Х5» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнө кеткен.

Маркум ишкер борбор калаадагы «Мадина» кафесинин ээси болгон.