Америкада электрондук чылымдан каза болгондор 33гө жеткен

0
75
Америкада электрондук тамекиден каза тапкандар 33 адамга жетти. Мындан тышкары 1,5 миң адам өпкөнүн өнөкөт илдетине кабылган.

Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, АКШнын 50 штатынын биринде гана электрондук тамекинин кесепетинен пайда болгон өпкө илдети катталган эмес. Адистер адам өлүмүнө алып келген электрондук тамекинин түрүн жана анын орчундуу кесепеттерин так аныктай элек.

Е витамини аралашкан марихуананын кесепеттери өлүмгө жеткирет деген болжолдуу маалыматтар бар. Учурда Американын бир катар штаттарында электрондук чылымга керектелүүчү суюктукту сатууга тыюу салынган.