Ошто 7 жаштан 70ге чейинкилер арасында тогуз коргоол кубогу башталды

0
489
Жыл башынан бери тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу бешинчи жолу уюштурулуп жатат. Ага Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200гө жакын спортчу катышууда.

Мелдеш Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун залында өтүүдө. Расмий ачылышына Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, спорт комитеттин кызматкерлери, спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

Оюн 21-октябрь күнү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат. Айта кетсек, ушул жылы Талас облусунда өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында тогуз коргоол боюнча Ош шаарынын командасы 2-орунду камсыз кылган.