Прокурордун орун басары пара менен кармалды

0
55
Жетиг-Өгүз райондук прокурорунун орун басары менен милициянын тергөөчүсү 60 миң сом пара алып жактан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шектүүлөр кылмыш ишин (айрым басылмаларда зордуктоо боюнча ишти) кыскартуу үчүн 100 миң сом сурашкан, акчанын бир бөлүгүн алып жатып кармалышты.

Бул факты боюнча «пара талап кылуу» беренеси менен иш козголду.

Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө ыкчам иштери жүрүп жатат.

Булак: Жебе медиа