Жогорку Кеңешге шайлоо качан болоору, канча каражат кетээри маалым болду

0
138
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдары шайлоолордун графигин БШК аппараты маалымдады.

 2020-жылдын 12-апрели — 31 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтөт.  Алар Ош, Каракол, Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу шаарлары жана  26 айылдык кеңеш бар.

 2020-жылдын 4-октябры –  Жогорку Кеңешке шайлоо.

 2021-жылдын 11-апрели — 16 шаарга жана  369 айылдык кеңешге, жалпы 417  жергиликтүү кеңеште шайлоо болот:

 ( Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата).

ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган  32 кеңешке шайлоо (26 айылдык  кеңеш жана шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен)

2021-жылдын 10-октябры –  4 жергиликтүү кеңешке шайлоо (3 айылдык кеңеш жана 1-Кара-Суу шаары).

 2022-жылдын апрели – 18 кеңешке (3 шаар –Таш-Көмүр, Кара-Балта, Токтогул).

2023-жылдын апрели – 13 кеңеш,

2023-жылдын октябры – 1 – Саруу айылдык кеңешине Президенттик шайлоо менен чогуу.

2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган. Жергиликтүү шайлоолорго 386 млн. суммасындагы чыгымдар 2020-жылдын бюджетинен 2021-жылга которулган.

2020-жылы БШКнын жалпы чыгымдары 928 млн. сомду түзүп, анын ичинен:
560 млн. сом – ЖКга шайлоолорго чыгымдар;
60 млн. сом шайлоого даярдык көрүүгө жана 2020-жылдын апрелинде жергиликтүү шайлоолорго (31 кеңеш);
197 млн. сом шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктардын өтүшүнө байланыштуу МККнын бюджетинен БШКнын бюджетине которуу;
100 млн.- БШК Аппаратынын учурдагы  бюджети.