Таалайбек Сарыбашов: Тешик-Таш базары шаардын сыртына чыгат

0
102
16-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Курманжан Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда калаа башчысы Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар боюнча жашоочуларга кыскача маалымат берди. Тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, мыйзамсыз курулуштарды тазалоо иштери эми Ак-Буура дарыясын бойлой уланаарын айтты.

Анын ичинде көптөн бери айтылып, бирок ишке ашпай келген Тешик-Таш базарын шаардын сыртына чыгаруу  планы да бар.

» Биз азыр аракет кылып жатабыз, Кенеш жактагы жаңы авто базардын документтери убагында мыйзамдаштырылбай калган экен, азыр кайрадан каралып жалпысынан 56 гектар жер трансформацияланып жатат. Буюрса мөмө-жемиш базары жаңы автоунаа базарынын жанына жылат» -деди калаа башчысы Сарыбашов.

Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштардын ээлерине прокуратура тарабынан эскертүүлөр берилип жаткандыгын кошумчалады.