Ысык-Атада женил унаа менен поезд сүзүштү

0
42
Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жеңил унаа менен поезд сүзүштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  15-октябрда саат 15:30 чамасында  «Fiat Panda» үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышка бара жаткан поезддин алдынан чыга калган. Кырсыктан жеңил унаадагы айдоочу жана эки жүргүнчү жабыркап, алар аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.- деп жазат saat.kg басылмасы.