Дастан Бекешев: Нотариусту ашыкча убара кылган мыйзамга өзгөртүү киргизели

0
86
Жогорку Кеӊеште «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө КР Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Демилгечилердин бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактардын нотариалдык кызмат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багыталган. «Мурда нотариуска барган адамдар кызмат акысын нотариустун өзүнө төлөп, ал 7 күндүн ичинде банктарга төгүп келген. Азыр адамдар нотариустан кийин кайра банкка төгүп, анан нотариуска кайра барат. Кыскасы, ашыкча убарачылык жаралууда. Биз мурдагы тартипке кайтууну сунуштап жатабыз», — деди ал.

Депутат Сайдулла Нышанов бул мыйзам кабыл алынып калса, нотариустарга оорчулук келер-келбесине кызыкты. Юстиция министри Марат Жамангулов нотариустар өздөрү мурдагы тартипке кайтып келүү өтүнүчтөрүн билдирип жатканын, Өкмөт мыйзам долбооруна каршы эмес экенин билдирди.

Аталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.