Россияда пара сунуштаган кыргыз аял кармалды

0
60

Россияда кыргыз жараны МАИ кызматкерине пара берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жол полициясынын кызматкерлери  Курган облусунун Макушин районунда кыргыз жараны башкарып бараткан «Мазда» унаасын токтоткон.  Анын айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Жүргүнчү катары отуруп келаткан унаа ээси (аял) инспекторго протокол түзбөш үчүн 5 миң теңге сунуштаган. Бул факт тууралуу полиция кызматкери нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган жана кылмыш иши коголгон.

Булак: fakt.kg