Бүгүн куудул Жамбыл Камчиевдин аялы каза болду

0
107
Куудул Жамбыл Камчиевдин жубайы Сарыбек кызы Бүүсара бүгүн каза болду. Бул тууралуу Fakt.kgге Борончу Кудайбергенов билдирген.

“ Жеңебиз 61 жашта эле. 2 жылдан бери нерв ооруларынан улам буту-колу кыймылдабай ооруп жүргөн эле” деп билдирди Борончу Кудайбергенов.

Маркум бүгүн эртең менен каза болгон. Эртең эртең менен жерге берилет экен.

ОшТВнын жамааты жана жалпы эле күйөрмандарынын атынан белгилүү куудул Жамбыл Камчыевге жана жакындарына терен кайгыруу менен көнүл айтабыз!

Булак: fakt.kg