Бишкекте массалык муштантан Пакистандык 2 студент кармалды

0
67
Массалык мушташка катышкан пакистандык эки студент убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул туралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Окуя боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

«Мушташтан соң Эл аралык медицина университетинин өкүлү милицияга кайрылып, окуу жайдын мүлкүнө зыян келтиргендерге чара көрүүнү суранды», — деп айтылат маалыматта.

Эки күн мурун пакистандык студенттердин ортосунда массалык мушташ орун алган. Жаңжал биринчи курста окуган эки жигит жатаканадагы керебетти талашып кеткенден кийин башталган.

Булак: «Жебе» медиа