Кара-Сууда архитектура кызматкерлери иш таштоодо

0
35
Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 61 кызматкери иш таштоону улантууда. Ушу тапта мекемеде кызматкерлер менен жетекчиликтин жыйыны өтүп жатат. 

Алар ушул жылдын 21-июнунда жетекчиси Марат Шариповдун үстүнөн  райондук Мамлекеттик администрацияга жана Мамлекеттик курулуш агенттигине арыз менен кайрылышкан. 52 кызматкер кол койгон арызда жетекчинин орой мамилеси жана башкармалыктан акча топтоп жүргөндүгү айтылган.

Арыз үч ай аралыгында каралып, бул убакытта Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы  убактылуу кызмат ордунан четтетилген. Мекеменин юристи Майрамбек Бойтоевдин маалыматы боюнча, кызматкерлердин арызы каралып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен 14-октябрда кайра эле Марат Шарипов жетекчиликке келген.

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында жалпысынан 80ге жакын кызматкер иштейт. 5 кызматкерден башкасы жетекчинин кайтып келишине нааразы жана ишке чыкпай турууну туура көрүшкөн.

— Жетекчинин кайра кызматка келишине нааразы болгон кызматкерлер азырынча жумушка чыкпай турууну чечтик, — деди Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын юристи Майрамбек Бойтоев.

Ал эми башкармалыктын жетекчиси Марат Шарипов жумуш ордуна мыйзамдуу келгенин айтып, учурда кызмакткерлер менен келишүү максатында жыйын өткөрүп жатат.  Эгерде эмгек жамааты менен келише албаса өз арызынын негизинде жумуштан кетүүгө аргасыз экендигин моюндайт.