ӨКМ бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялады

0
132
Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүң башчысы кызмат оруну азырынча бош, төмөндөгү талаптарга төп келген баардык каалоочу тараптарга ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Негизги талаптар:

-жогорку билим –юридикалык билимге ээ,

— 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы.

-компьютердик жана социалдык түйүндөрүндө иштөө: маалыматты издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта ж.б.)

– Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин билүүсү керек.

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун же өздүктү күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочулар 2019-жылдын 28-октябрына чейин төмөнкү даректер боюнча тапшыруу керек:

 

Ош шаары, Моминова көчөсү, 11, каб.302. тел.:03222-20811,

Бишкек шаары, А.Токтоналиева көчөсү, 2/1, каб. 409 Тел.: 548945

Толук маалымат ky.mes.kg расмий сайтынан тапсаңыз болот.