Кара-Кулжада 9 тонна чөп, Өзгөндө 2 тонна көмүр өрттөндү

0
92

Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ӨКМден билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Каримов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу үйдүн 35 чарчы метр чатыры жана 2 тонна көмүрү күйүп кеткен. Ошол эле райондун Жылалды айылында 2 кабаттуу сарайдын 75 чарчы метр чатыры жана 100 боо чөбү да өрттөнүп кеткен.

Ушул эле күнү Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында тоют өрттөндү.
Анын кесепетинен үйдүн короосунда жыйылып турган 9 тонна чөп күйгөн. Өрт балдардын от менен ойногон шоктугунан улам чыккан.-деп билдирет ӨКМКнын басма сөз кызматы.