Кыргызстандагы 2 университет ЕвроАзиядагы мыктылардын катарына кирди

0
30
Улуу Британиянын билим берүү тармагындагы Quacquarelli Symonds компаниясы Европа жана Борбор Азиянын эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү.

Тизмеге 350 университет кошулган. Кыргызстандан эки жогорку окуу жайы — Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА 163-орунда) жана Кыргыз-түрк «Манас 190-катарда» университети  мыкты 190 жогорку окуу жайдын катарынан орун алган.

Рейтингидин көч башында М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети турат.

Мыкты окуу жайлардын тизмесин аныктоо бир нече көрсөткүчтөр менен жүргөн. Алар: университеттин академиялык репутациясы, жумуш берүүчүлөр арасында анын кадыр-баркы, илимий публикациялардын кызматкерлердин жана студенттердин санына карата жарыяланышы жана илимий даражасы бар окутуучулардын саны.

Quacquarelli Symonds — 1990-жылы Нунцио Куаквелли тарабынан негизделген.

Булак: «Жебе» медиа