футбол/ «Ак-Шумкардын» кезектеги беттеши Япония менен

0
100

Бүгүн, 15-октябрь футбол дүйнө чемпионатынын 4-тандоо туру болуп өттү.

Кыргызстандын курама командасы Улан-Батор шаарында  Монголия оюнчуларын 2:1 эсебинде жеңсе, Япония Душанбеде Таджикстан курама командасын 3:0 эсебинде уткан.

Кезектеги беттеш Кыргызстан менен Япония ортосунда 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. 

5-турда Мьянма кайрадан Таджикстан менен беттешет.

6-тур 19-ноябрга белгиленген.  Кыргызстан даагы бир ирет таджикстандыктар менен, ал эми монголиялыктар Мьянма оюнчулары менен беттешет.

Азырынча баардык оюндарды жеңүү менен Япония алдыда келе жатат.  Кыргызстанда жана биздин оюнчуларды биринчи беттеште 0:1 эсебинде жеңгендиги үчүн Таджикстанда 6 упай бар.

Монголия Мьянманы 1:0 эсепте жеңип, ушундай уле апай менен Таджикстандан жеңилген. Япониядан 6:0, Кыргызстандан 2:1 балл менен жеңилди. Ошондой болсо да азырынча 3 упага ээ.

Ал эми Мьянма жалпысынан 3 оюн өткөрүп, жеңилген жана азырынча бир дагы упай топтой элек.