Кыргыз футболчулары Мьянманы 8:1 эсебинде утту

0
93

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманы ири эсепте жеңди.

Оюн башталганда эле «Ак шумкарлар» оюн талаасына ээлик кылып, Мьянманын дарбазасын көздөй тынымсыз чабуул коюп жатты. Натыйжада биринчи тайм 0:5 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады.

Ал эми, экинчи бөлүктө да улуттук команда катары менен эки гол киргизди. Андан соң мьянмалыктардын чабуулу ийгиликтүү болуп Кыргызстандын дарбазасына бир топ киргизишти. Бирок кыргыз футболчулары кайра чыйралып бир гол киргизди. Натыйжада 1:8 эсеби менен улуттук команда жеңишке жетти.

Аталган оюн Япониянын Осака шаарында футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында өттү.