Марипов: “Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүүгө бюджеттен каражат бөлүнгөн, тиешелүү органдар курулуш иштерин көзөмөлгө алсын”.

0
108

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда Баткен облусунда 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын натыйжасында жабыркаган чектеш айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүүгө тийиштүү маселелер каралды.

Марипов белгилегендей, президенттин  «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгынын бардык пункттары өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы тийиш.

«Талкаланган турак-жайларды, чек ара тозотторун, социалдык жана башка объектилерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча иш активдүү жүрүүдө. Республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алсын. Кабинетте отура бербестен, жер-жерлерге чыгып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алыңыздар», — деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов бир катар тапшырмаларды берип, ага катар обьектилердин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринин Баткен облусуна үзгүлтүкүсүз чыгуу графигин уюштуруу тапшырмасын берди.

Ар бир жетекчи президенттин жарлыгынын жана бардык берилген тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын белгиледи.