Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды

0
79

УКМК  Бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалганын билдирди.

Ал  мыйзамсыз баюу фактысына шектелүүдө.

Айтмаматов кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялап, коррупциялык схемаларды, товарлардын «жалган транзитин» уюштуруп, натыйжада жашыруун киреше таап турган.

Ал болжол менен 4,5 миллион долларга бааланган 30дан ашык элиталык батирлерди, 1 млн. долларга бааланган 10дон ашык унаа каражаттарын мыйзамдаштырган.

Мындар сырткары, көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Нурбек Айтмаматовго таандык болгон.

Кечээ, 10-июнда Айтмаматов Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.