“Торугарт”  жана “Эркечтам” автожол пунктары убактылуу жабылат

0
94

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрмө пункттары 14-июнда бир суткага убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мындай тартип Кытайдын улуттук майрамына байланыштуу киргизилген.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 15-июндан тартып кайра жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат.