Жалал-Абадда мурда соттолгон жаран 10 кг баңгизат менен кармалды

0
77

9-июнда Жалал-Абад облусунда 10 килограмм баңгизат менен мурда бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) кабарлады.

Шектүү атайын операциянын жүрүшүндө колго түшүрүлгөн. Аны БМЖКККнын жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери колго түшүргөн.

«Анын жанынан афган түспөлүндөгү нашаа салынган 10 таңгак табылып, алынган. Тыюу салынган заттын жалпы салмагы 10 килограмм 55 граммды түзөт«, — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.