Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык турнирде алтын медаль утту

0
46

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы бир алтын медаль утту. Ал Польшадагы Poland Open рейтингдик турниринин финалында каршылашын 7:1 эсеби менен жеңди.

Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

62 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Тыныбекова финалда канадалык Анна Паула Годинез Гонзалез менен кармашып утуп алган.

Чейрек финалда кыргызстандык балбан россиялык Любовь Овчарова менен килемге чыккан. Беттештин экинчи үч мүнөттүктө эсепти 10:8ге өзгөртүп, атаандашынын далысын жерге тийгизип, жеңишти камсыздаган. Жарым финалда дагы бир россиялык балбан Светлана Липатова менен чыгып, 3:1 эсебинде уткан. Бул жеңиш менен кыргыздын балбан кызы финалга чыкты.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылы да аталган мелдештин чемпиону болгон. Финалда ал россиялык спортчу кыз Анжела Фоменкону жеңген.

Дагы бир балбан кыз Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жарым финалда эстониялык Эпп Мэйге жеңишти алдырып койду. Эми коло байге үчүн Лондон Олимпиадасынын чемпиону, россиялык балбан Наталья Воробьева менен кармашат.

Мелдеш ушул күндөрү Варшава шаарында өтүп жатат. Анда Нураида Анаркулова (59 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) килемге чыгышат.