Чүйдө курал-жарак сакталган жай табылды

0
101

УКМК  Чүй облусунун Панфилов районунан курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылганын билдирди.

Атайын кызмат тарабынан, уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштеринин алкагында кароосуз калган үйгө тинтүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада жашыруун жайдан 9 мм «Макаров» тапанчасы магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 миллиметрлик тапанча, 1 кесилген мылтык, 2 мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 жылмакай курал 8 огу менен, сигналдын күйүшү боюнча 1 реактивдүү сигналдык, 1 мергенчилик бычак, 1 кара түстөгү беткап табылган.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иштери жүргүзүлүүдө.