COVID-19: Сактаныңыз, вирус күч алды! Жаңы 494 учур.

0
77

Бүгүн, 10-июнга карата коронавирус дагы 494 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жарыяланган.

Жаңы учурлар: Бишкекте – 224, Ош шаарында – 80, Чүй облусунда – 73, Ош облусунда – 47, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 3 бейтап каза болду.

Ал эми бир сутка ичинде 351 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 207, Ош шаарында – 23, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 13, Талас облусу – 2, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 893 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 137 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 229 бейтаптын абалы орто оордукта, 536 адамдын абалы оор жана 101 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 814 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 654 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 108 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 101 миң 715 киши айыгып чыкса, 1 миң 869 адам каза болду.