Бишкекте «Супара-2» этнокомплексинде өрт чыкты

0
78

Бишкекте «Супара-2» этнокомплексинин аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык, Чуңкурчак капчыгайындагы «Супара-2» этнокомплексинин аймагында жайгашкан контейнердин 35 чарчы метр ички жыгач жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, ӨКМ өткөн суткада республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылганын кошумчаларды.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

— Бишкек шаарында — 1,
— Жалал-Абад облусунда — 1,
— Чүй облусунда — 3,
— Баткен облусунда бир өрт кырсыгы катталган.

Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жалпы аянты 2 чарчы метр болгон жыгач ажаткана күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Көк-Жар конушундагы Босого көчөсүндө мончонун чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.