Базар-Коргон шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

0
106

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын ӨКМ кабарлады.

Маалыматына ылайык, мындай чара өткөн жумада аймактагы Кара-Үңкүр дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, жашоочулардын турак жайларына коркунуч жаралгандыктан кабыл алынды. Учурда суунун нугун буруу иштерин айыл тургундарынын атайын техникалары жүргүзүүдө. Ал эми, Көкчө-Көз аймагында убактылуу тосмо орнотулуп жатат.