“Алтын түйүн” балдар академиясынын бюджети эки эсе көбөйтүлөт. Бүгүн Жапаров билим берүү мекемесине барды.

0
101

Бүгүн, 12-майда, президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынан кабар алды, — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Аталган мекеменин короосунда академиянын окуучулары мамлекет башчысына дронду башкаруу ыкмаларын, чыгыш күрөш оюндарын, өздөрү кураган мини-тракторду көрсөтүштү. «Созвездие» клубунун тарбиялануучулары Садыр Жапаровду планетарийге кирип, «иллюстративдик асманды» көрүүгө чакырышты.

Садыр Жапаров робот техникасы, информатика, көркөм сүрөт, 3D моделдөө, астрономия сабактарынын бөлмөлөрү менен таанышты. Окуучулар мамлекет башчысын өздөрү кураган роботтордун ар кандай моделдери, роботтоштурулган техника, моделдөө жана программалоо долбоорлору менен тааныштырып, чыгармачылык жетишкендиктери жана келечекке карай пландары жөнүндө айтып беришти.

«Бул жерде техникалык билим берүүнүн мыкты салттары сакталып калганы ачык көрүнүп турат. Оңой эмес мезгилге карабастан, Академиянын имараты сакталып турганын, долбоордук, ойлоп табуучулук, конструктордук жана изилдөө иштери улантылып жатканын кубануу менен белгилегим келет”, — деди Жапаров.

Садыр Жапаров өлкөнү экономикалык жактан жаңылоо максатында окуучулардын техникалык билимин мындан ары өркүндөтүүсүн толук колдоорун билдирди.

«Бүгүнкү күн өзүнүн башка талаптарын коюп жатат. Дүйнөлүк коомчулук “4-муун” аталышындагы өнөр жай революциясына кошулду. Буга байланыштуу жаштардын билим алуусуна ар кандай мамилелерди талап кылган жаңы олуттуу чакырыктарга туш болуудабыз», — деди президент.

Мамлекет башчысы ата мекендик экономиканы өнүктүрүүдөгү эки стратегиялык тармакты белгиледи — алар табигый жана техникалык илимдер жаатында терең билимди талап кылган тоо-кен жана энергетика тармактары.

Садыр Жапаров «Алтын түйүн» академиясынын келе жаткан 60 жылдык мааракеси менен баарын куттуктап, билим берүү мекемесинин бюджети эки эсе көбөйтүлөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы “Алтын түйүн” балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалдарын өлкөнүн облус борборлоруна ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошол эле учурда, президент академиянын окуучуларынын жана мугалимдеринин каалоо-тилектерин эске алуу менен, мекеменин аймагында окуучулардын спорттук иш-чараларды өткөрүп, эс алуусу үчүн футбол жана волейбол аянтчалары курулуп башталарын кошумчалады.

Академиянын педагогдору мамлекет башчысынан Кыргызстан агрардык гана эмес, технологиялык өлкө катары да даңкталышы үчүн, мындан ары өлкөдөгү инженердик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү. Алар бул маселе боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, Академиянын ишмердүүлүгүн модернизациялоо боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигине жолугушууда айтылган бардык маселелерди тезинен ишке ашырууну тапшырды.

«Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы 1961-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө бул маалыматтык технологияларды колдонуу менен жаштардын STEM билим берүү жана илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү менен алектенген бирден-бир адистештирилген мектептен тышкаркы мекеме.

Бүгүнкү күндө Академиянын балдар бирикмелеринде (40 даана) 1800дөн ашуун окуучу онлайн жана оффлайн режиминде робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.