Сузакта Чангет-Сай дарыясынан суу ашып, үйлөрдү каптады.

0
103

ӨКМ Сузакта жаандан улам дарыядан суу ашып, турак үйлөрдү каптаганын билдирди.

Кечээ, 11-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда саат 11:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суу ашкан. Натыйжада Барпы айыл аймагынын Үлгү айылында болжол менен 14 турак үйдүн короолорун жана кафенин аймагын, Осмонов айылындагы 4 турак үйдүн короолорун, 1 турак үйдүн ичин жана Кызыл-Багыш айылынын 1 турак үйдүн короосун жана Бишкек-Ош унаа жолунун 577-чакырымын (Үлгү айылы) каптаган.

Жерине куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана техника тартылып, тазалоо иштер жүрүүдө.

Учурда тазалоо иш-чаралары жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, 575 жана 578-чакырымдарында посттор уюштурулган, унаалар Жалал-Абад шаары аркылуу өтүүдө.